Хаккаридеги "Эрен блокада" операциясында курал-жарактар колго түшүрүлдү
Ички иштер министрлигинин билдирүү жасады.
1964121

Хаккариде жикчил террордук уюм ПККга каршы уланып жаткан «Эрен блокада күз кыш-5 шейит операциясында» көп сандаган курал жана ок-дарылар колго түшүрүлдү.
Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, операциянын алкагында Каваклы айылынын элет жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринде негизги курал кампасы катары колдонулган бункер аныкталды.
Баш калкалоочу жайдан ПКК/КЖК террордук уюмуна таандык көп сандаган курал-жарак, ок-дарылар, техника жана материалдар табылды.
Аталган материалдар жана баш калкалоочу жай жараксыз абалга келтирилди.
Тектеш кабарлар

Амасияда жана Германияда Солинген курмандыктары эскерилди
1993-жылы 29-майда Германиянын Солинген шаарында Генч үй-бүлөсүнүн үйлөрү өрттөлгөн.