Эрдоган Кахраманмарашта турак үйлөрдүн пайдубалын түптөө аземине катышты
Эрдоган учурдагы план боюнча бир жылда 319 миң турак жай жана айыл үйүн кура тургандарын маалымдады.

Президент Режеп Таййип Эрдоган 6-февралдагы очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн зыян тарткан 11 облуста биринчи этапта курула турган үйлөрдүн пайдубалын түптөө аземине катышты.
Жер титирөөлөрдүн очогу болгон Кахраманмарашка барган президент Эрдоган AFADдын (Табигый кырсык жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу төрагалыгы) Кожаэли базарын кыдырып, аткарылган иштер тууралуу маалымат алды.
Жарандар менен жолугушкан Эрдоган, андан соң жер титирөөлөрдөн зыян тарткан 11 облуста биринчи кезекте курула турган жалпы 17 миң 902 үйдүн пайдубалын түптөө аземине катышты.
Эрдоган аземде сүйлөгөн сөзүндө Кахраманмараштын жер титирөөлөрдө эң көп жоготууга учураган облустардын бири экенин белгилеп: "Бул апаат тарыхыбыздагы эң азаптуу окуялардын бири болду", - деди.
Кыйраган ар бир имаратты кайрадан калыбына келтирип, шаарларды куруп Түркия кылымына карай бара жаткандарын билдирген Эрдоган: "Жер титирөө үйлөрүбүздү талкалап, бизге зыян келтирген болушу мүмкүн, бирок бул апаат Түркия кылымы жөнүндөгү кыялыбызды эч качан торой албайт",-деп айтты.
Учурдагы план боюнча бир жылда 319 миң турак жай жана айыл үйүн кура тургандарын белгилеген Эрдоган: "Бир жылдын ичинде биз бул туруктуу турак жайларды бүтүрүп ээлерине өткөрүп беребиз. Кесепеттерди кыска убакытта жоебуз",- деди.
Андан соң жер титирөөлөр зыянга учураткан 11 облуста бир убакта 17 миң 902 үйдүн пайдубалы түптөлдү.
Тектеш кабарлар

Амасияда жана Германияда Солинген курмандыктары эскерилди
1993-жылы 29-майда Германиянын Солинген шаарында Генч үй-бүлөсүнүн үйлөрү өрттөлгөн.