Акар Шойгу менен телефон аркылуу сүйлөштү

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, телефондогу сүйлөшүүдө Украина жана эгин ташуу менен Сириянын түндүгүндөгү маселелер талкууланды.

1963810
Акар Шойгу менен телефон аркылуу сүйлөштү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Орусия Федерациясынын коргоо министри Сергей Шойгу менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, телефондогу сүйлөшүүдө Украина жана эгин ташуу менен Сириянын түндүгүндөгү маселелер талкууланды.

Акар сүйлөшүүсүндө глобалдык азык-түлүк кризисинин чечилишине чоң салым кошкон дан демилгесин жайылтуудагы кызматташтыктан канааттанганын айтып, дан ташуунун үзгүлтүксүз уланышынын маанисин баса белгиледи.

Министр Акар Түркиянын аймактагы тынчтыкты камсыздоо жана гуманитардык жардамдарды ушул убакка чейин кылгандай, мындан ары да уланта турганын баса белгиледи.

Сириянын түндүгүнө токтолгон Акар Түркиянын жалгыз максатынын чек араларынын жана жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана мындан ары адамдык трагедияга жол бербөө үчүн террор менен күрөшүү экенин белгиледи.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жетекчилигинде башталган сүйлөшүүлөрдүн аймакта жана Сирияда тынчтык жана ырааттуулукка олуттуу салым кошо турганына көңүл бурган Акар мунун улантылышынын чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

Улуттук коргоо министри Акар айрыкча 6-февралда болгон Кахраманмараштагы жер титирөөдөн кийин Орусия Федерациясынын колдоосу жана тилектештиги үчүн ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар