Түркия-Греция жыйыны

Түркия менен Грециянын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары Биргелешкен аракет планынын төртүнчү айлампасы үчүн Анкарада жолугушту.

1963616
Түркия-Греция жыйыны

Греция менен карым-катнаштарда «позитивдүү күн тартиби» процесси кайрадан башталды.

Тышкы иштер министринин орун басары Бурак Акчапар, грек кесиптеши Константинос Фрагкогианнис менен жумушчу жыйынын өткөрдү.

Мындай билдирүүнү Тышкы иштер министрлиги жарыялады.

Түркия менен Грециянын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары Биргелешкен аракет планынын төртүнчү айлампасы үчүн Анкарада жолугушту.

Жыйында позитивдүү күн тартибине кирген темалар боюнча кызматташууну өнүктүрүү талкууланды.

25 темадагы жылыштар тууралуу кеңири маалымат берилгени айтылды.

Көптөгөн берененин ийгиликтүү аяктагандыгы белгиленди.

Сүйлөшүүлөрдө кийинки жогорку деңгээлдеги жыйындын жүрүшүндө кол коюлушу мүмкүн болгон тиешелүү макулдашууларды бүткөрүү үчүн негиз түзүлдү.

Ошондой эле активдүү жана уланып жаткан процессте жетишилген олуттуу прогрессти эске алуу менен кызматташуунун кошумча маселелерин изилдөө макулдашылды.



Тектеш кабарлар