Северустун коло айкели АКШдан алып келинет
Өткөн жылдарда Түркиядан Америка Кошмо Штаттарынан уурдалып кеткен 12 тарыхый экспонат кайра Түркияга алып келинди.
Өткөн жылдарда Түркиядан Америка Кошмо Штаттарынан уурдалып кеткен 12 тарыхый экспонат кайра Түркияга алып келинет.
Артефакттардын арасында Рим императору Септимий Северустун чыныгы өлчөмдө сейрек кездешүүчү коло айкели, толук Килия идолу, коло бука арабасы, эне кудай жана Перге Байыркы шаарынан уурдалган эки баш бар.
1980 - жылдан бери чет өлкөгө мыйзамсыз ташылган 22 миң 424 тарыхый экспонат жана маданий баалуулуктар кайра алынып келинди. Бул жылы 1113 эмгек кайтарылды.
Анадолудан уурдалган 12 экспонат Түркияга жиберилүү үчүн 22 - мартта Нью - Йорк башкы консулдугуна тапшырылат.
АКШдан Түркияга тапшырылган экспонаттардын арасында Анталья жана башка облустардан 12 экспонат бар.
31-мартта Анталья археология музейинде боло турган аземде 12 тарыхый экспонат кеңири түрдө коомчулук менен бөлүшүлөт жана музейде көргөзмөгө коюлат.
Тектеш кабарлар
Кахраманмарашта 7 миң 600 жылдык скелет табылды
Скелеттин так жашы ДНК изилдөөлөрү жана көмүртек 14 тестинен кийин аныкталат.
Ички иштер министри Йерликая Өзбекстандын ички иштер министри менен жолугушту
Министр Али Йерликая Өзбекстандын ички иштер министри Пулат Бобожонов менен жолугушту.