Шентоптон Нооруз куттуктоосу
Шентоп куттуктоосун социалдык медиа баракчасынан бөлүштү.
1963126

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп Нооруз майрамына карата куттуктоо бөлүштү.
Шентоп социалдык медиа баракчасынан бөлүшкөн куттуктоосунда: «Жаздын жарчысы, молчулуктун жана берекенин майрамы болгон Нооруздун сүйүктүү элибиз менен бирге аймагыбыздагы баардык боордошторубузга жакшылыктарды алып келишин каалайм. Жаз берекеси менен келсин; өлкөбүздө жана бүткүл дүйнөдө сүйүү, тынчтык, достук, жакшылык арта берсин»,-деди.