Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдигинин жыйыны
Биримдиктин Зейтинбурнудагы башкы кеңсесинде өткөрүлгөн жыйынга Түркиядан жана өлкө тышынан мэрлер катышты.
Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдигинин (TДМБ) башкаруу кеңешинин жыйыны Стамбулда өттү.
Биримдиктин Зейтинбурнудагы башкы кеңсесинде өткөрүлгөн жыйынга Түркиядан жана өлкө тышынан мэрлер катышты.
Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдигинин төрагасы жана Конья мэри Угур Ибрахим Алтай жыйынга байланыштуу берген билдирүүсүндө биримдиктин максатынын түрк тилдүү жана жергиликтүү башкаруулар жолугушкан эл аралык биримдикти түзүү экендигин баса белгиледи.
Алтай бүгүндөн тарта 30 өлкөдөн 1200гө жакын шаардын биримдикке мүчө болгондугун айтты.
Алтай биримдиктин негизги максатынын мүчө өлкөлөрдүн шаарларынын ортосундагы бир туугандык карым-катнашты арттыруу, шаарлардын маселелерин аныктоо жана чечүү жолдорун сунуштоо, маданий мурастардын сакталышы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү экенин белгилеп : "Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдиги катары муниципалитеттерибиздин ортосунда бир тууган шаар карым-катнаштарынын түзүлүшү жана тажрыйба алмашуу багытында маанилүү долбоорлорду ишке ашыруудабыз.Бүгүнкү жолугушууда өзгөчө жер титирөө кырсыгында эмнелер болгондугу тууралуу маалымат бөлүшөбүз".- деди.
Жыйынга Түркиядан мүчөлөр жана Албан муниципалитеттери биримдигинин башкы директору Агрон Хаххимали, Босния жана Герцеговина Нови-Град Сараево шаарынын мэри Семир Эфендич, Кыргызстандын жергиликтүү бийликтер биримдигинин төрагасы Бектур Орозбаев, Түндүк Македониянын Тетово (Калканделен) мэри Билал Касами, Ливан шаарынын мэри С. Мухадиех, Монголиянын жергиликтүү бийликтер союзунун төрагасы Батболд Сундуй, Өзбекстандын Кокон шаарынын мэри Усманов Маруф Азамович катышты.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Палестинанын келечеги конференциясында сөз сүйлөдү
Эрдоган Палестина мамлекети түзүлгөнгө чейин талыкпай күрөшүүнү уланта тургандарын айтты.