Исмаил Демир: "Жаңы сюрприздерибиз болот"
Исмаил Демир борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн 4-Аскердик радар жана чек ара коопсуздугу саммитинде сөз сүйлөдү.
Коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демир жакынкы келечекте коргоо өнөр жайында жаңы сюрприздердин болоорун билдирип: «Алдыдагы күндөрдө да бизге байкоо салууну уланткыла»,-деди.
Исмаил Демир борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн 4-Аскердик радар жана чек ара коопсуздугу саммитинде сөз сүйлөдү.
Түркиянын чек ара коопсуздугу жагынан маанилүү өлкө экенин баса белгилеген Демир: «Ушул алкакта эрте эскертүүчү радар системаларынын жаңы өнүмү болгон «Төмөн бийиктиктеги радар системасы долбоорунун» биринчи өнүмүн жакын арада инвентаризацияга киргизебиз»,- деп айтты.
Экспорт темасындагы сүйлөшүүлөрдө көптөгөн өлкөлөрдүн негизги приоритеттеринин бири чек ара коопсуздугу экенин маалымдаган Демир: «Кээ бир өлкөлөргө балким алар ойлобогон технологиялык жана кеңири чечимдерди сунуштайбыз»,-деди.
Демир: «Жакында учкучсуз согуштук учак Кызылелма алгачкы учуусун ишке ашырды. Улуттук согуштук учак ангардан чыгып, Хүржет машыктыруучу учагы, Атак-2 тик учагы жана Анка-3 учкучсуз учуучу аппарат көргөзүлдү. Байрактар TB3 куралдуу учкучсуз учуучу аппарат да Анадолу кемесинде иштөөгө даярданууда. Бул белгилүү жагдайлардан тышкары, белгисиз жана жаңы сюрприздер болоорун айткым келет. Жакынкы күндөрдө да бизге байкоо салууну уланткыла»,- деп билдирди.