Ирандык туристтер Ноорузду Ванда майрамдап жатышат

Майрамдык эс алуу үчүн Ванга келген ирандык туристтер күндүз соода кылып, кечинде болсо оюн-зоок борборлорунда көңүл ачууда.

1962857
Ирандык туристтер Ноорузду Ванда майрамдап жатышат
iran nevruz.jpg

Ирандык туристтер өз өлкөсүндө 20-мартта башталган Ноорузду Вандагы оюн-зоок борборлорунда көңүл ачуу менен белгилешүүдө.

Ноорузду жаздын келиши жана жаңы жылдын башталышы катары майрамдаган ирандык туристтер, маданиятындагы «хафт син» дасторконун даярдап жаңы жылды тосуп алышат.

Майрамдык эс алуу үчүн Ванга келген ирандык туристтер күндүз соода кылып, кечинде болсо оюн-зоок борборлорунда көңүл ачууда.

Нооруздун жаздын келиши жана жаңы жылдын башталышы катары белгиленгенин айткан туристтер: «Иранда Нооруз 20-мартта башталып, 13 күнгө созулат. Биз да Ванга келдик. Бул жерде Ноорузду шаңдуу майрамдадык. Эң сонун убакыт өткөрдүк»,-деди.

Ноорузга чейин даярдалган жана эки жума бою үйдүн бир бурчунда сакталган «хафт син» дасторконунда фарсча «с» тамгасы менен башталган жашылча-жемиш, алма, уксус, тыйын, сарымсак, буудай жана лох бар.



Тектеш кабарлар