Чавушоглу: «Швециянын кадамдары жетишсиз»

Чавушоглу Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн Эл аралык донорлор конференциясынан кийинки маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1962621
Чавушоглу: «Швециянын кадамдары жетишсиз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, НАТОго мүчө болуу үчүн арыз берген Швециядан күткөндөрүнүн террордун каржыланышы, адам жалдоо, үгүт иштеринин токтотулушу жана керектүү чараларды көрүү экенин айтты.

Чавушоглу Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн Эл аралык донорлор конференциясынан кийинки маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Чавушоглу Швециянын НАТОго мүчөлүк процессине байланыштуу суроого Түркия, Швеция жана Финляндиянын ортосунда июнь айында Испаниянын борбор шаары Мадридде кол коюлган үч тараптуу келишимге көңүл бурду.

Келишимдин ишке ашырылып же аткарылбаганын карап чыккандарын белгилеген Чавушоглу, Швециянын жаңы өкмөт менен бирге террорго каршы күрөш мыйзамына өзгөртүү киргизүү сыяктуу алгылыктуу кадамдарды таштаганын жана мунун жылуу кабыл алынганын айтты.

Чавушоглу: «(Швеция) Конституцияга да өзгөртүү киргизди. Албетте булардын максаты эмне? Террор менен күрөшүүдө конкреттүү кадамдарды жасай алуу. Эмнеге каршы? Швецияда ПККнын, ПКК жана анын колдоочуларынын ПККга акча чогултуу иш-аракеттерин токтотуу, ошондой эле адамдарды жалдоо жана террордук үгүттөөлөрдү токтотуу. Тилекке каршы, Скандинавия өлкөлөрүндөгү мыйзамдар терроризм менен күрөшүүдө жетишсиз. Ал жерде административдик чаралар менен ДЕАШ жасаса баары алдын алат бирок качан ПКК кылса эч ким тоскоол болбойт. Ачык сүйлөшөлү»,-деди.

ПКК жана террордук уюмдардын мындай иш-аракеттеринин уланып жатканын баса белгилеген Чавушоглу: «Швециядан күткөнүбүз, кандайдыр бир позитивдүү кадамдарды жасашты бирок алар жетишсиз. Террорду каржылоо, террордук уюмга адамдарды жалдоо жана үгүт иштерин токтотуу, зарыл чараларды көрүү, мындан тышкары биз экстрадициялоону талап кылган адамдар бар, бул жагынан конкреттүү кадамдарды жасашы»,-деди.



Тектеш кабарлар