Чавушоглу элчилерди кабыл алды
Чавушоглу социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.
1963028




Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркияда кызматын баштаган Шри-Ланка, Замбия, Уругвай жана Индиянын элчилерине ийгилик каалады.
Мевлүт Чавушоглу Шри-Ланканын элчиси Сараня Хасанти Уругодаватте Диссанаяке, Замбиянын элчиси Вильям Майпамбе Сиказве, Уругвай элчиси Уго Кайрус жана Индиянын элчиси Вирандер Паулду борбор шаар Анкарада Тышкы иштер министрлигинде өз-өзүнчө кабыл алды.
Чавушоглу социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасап: "Өлкөбүздө кызматын баштаган Шри-Ланка, Замбия, Уругвай жана Индиянын элчилерине ийгиликтерди каалайм",-деди.