Азербайжан жер титирөө болгон аймактарда турак жайларды курат
Байрамов Эл аралык донорлор конференциясына катышты.

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Түркияда жер титирөө болгон аймактарда 100 миллион долларлык турак жай, коомдук имараттар жана билим берүү мекемелерин кура тургандарын маалымдады.
Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Байрамов Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясы жана ЕБнин кезектешкен төрагасы Швеция тарабынан Түркия жана Сирияда 6-февралда болгон жер титирөөлөрдөн жабыркагандар үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселде уюштурулган Эл аралык донорлор конференциясына катышты.
Конференцияда сөз сүйлөгөн Байрамов, жер титирөөдөн кийин дароо Түркияга издөө-куткаруу, медицина кызматкерлери жана ыктыярчылардан турган 940 кишилик топту жөнөткөндөрүн белгиледи.
Байрамов Түркияга 5 миң 300 тонна гуманитардык жардам жеткирип, тиешелүү мекемелердин эсебине 45 миллион доллар которгондорун айтты.
Азербайжандын мындан ары да боордош Түркиянын жанында боло турганын, жер титирөөдөн кийинки кайра куруу иштерине каржылык жана техникалык колдоо көрсөтүүнү уланта турганын белгилеген Байрамов : «Азербайжан аймакта 100 миллион долларлык турак жай, коомдук имараттар жана билим берүү мекемелерин курат»,-деп билдирди.
Тектеш кабарлар

Кападокиянын шарлары Сербиянын асманында
Кападокиядан алып барылган шарлар менен Сербиянын түндүгүндөгү Инджижада турлар уюштурула баштады.