Жер титирөөлөрдө каза болгондордун саны 50 миң 96га жетти

Юнус Сезер жер титирөөлөрдөгү акыркы абал тууралуу маалымат берди.

1962417
Жер титирөөлөрдө каза болгондордун саны 50 миң 96га жетти

Очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдө каза тапкандардын саны 50 миң 96га жетти.

Кахраманмараштын Пазаржык жана Элбистан райондорунда 6-февралда болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр "кылымдын апааты" деп сыпатталган.

Табигый кырсык жана чукул кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) төрагасы Юнус Сезер, 11 облусту чоң кыйроого учураткан жер титирөөлөрдөгү акыркы абал тууралуу маалымат берди.

Сезер, жер титирөөлөрдө каза болгондордун санынын 50 миң 96, жаракат алгандардын санынын 107 миң 204 болгонун белгиледи.



Тектеш кабарлар