Түркия Казакстанда шайлоо ийгиликтүү өткөндүгү менен куттуктады
Тышкы иштер министрлиги Казакстанда кечээ өткөрүлгөн кезексиз парламенттик шайлоого байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Түркия Казакстанда кечээ өткөн кезексиз парламенттик шайлоонун тынчтык жана бейпилдик атмосферасында ийгиликтүү аяктаганына кубанычта экенин билдирди.
Тышкы иштер министрлиги Казакстанда кечээ өткөрүлгөн кезексиз парламенттик шайлоого байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Билдирүүдө алар тынчтык жана бейпилдик кырдаалында шайлоонун ийгиликтүү аяктаганына кубанычта экендиктери айтылып, «Биз бир туугандык байланышта болуп, мамилелерибизди кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине көтөргөн Казакстандын гүлдөп-өнүгүшүнө жана туруктуулугуна чоң маани беребиз жана шайлоонун жыйынтыгы казак эли үчүн пайдалуу болушун каалайбыз»,делди.
Казакстан эли 19-мартта добуш берүү үчүн Парламентке жана жергиликтүү кеңештерге 5 жыл кызмат кыла турган депутаттарды шайлашты. Добуш берүү процесси аяктаган өлкөдө добуштарды саноо уланууда.
Шайлоонун акыркы жыйынтыгын Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 10 күндүн ичинде жарыялайт.
Тектеш кабарлар

100дөн ашуун өлкө Эрдоганды куттуктады
Бул тууралуу коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун маалымат берди.