Шанлыурфа жана Адыямандагы селден каза тапкандарды саны
Издөө-куткаруу иштери уланып жатат.
1962273

Шанлыурфа жана Адыяманда 15-марттагы селден каза тапкандардын саны 19га жетти.
Селден улам 2 адам каза болгон Адьяманда 2 адам да сууга агып кеткен.
Дайынсыз жоголгон эне менен кыздын изин табуу үчүн бир нече күн бою издөө-куткаруу иштери жүрүп жаткан.
Издөө иштеринде эненин жансыз денеси табылса, анын 1,5 жаштагы кызы Зейнептен кабар жок.
16 киши каза болгон Шанлыурфада да селге кабылган жүк ташуучу унаанын айдоочусун издөө иштери уланууда.
Селден жабыркаган аймакта жалпысынан 7585 кызматкер жана 1485 техника иштеп жатат.
Тектеш кабарлар

Диярбакырда 3 террорист жок кылынды
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Твиттер баракчасынан маалымат берди.