Чавушоглу Брюсселде...

Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясы менен ЕБ Кеңешинин Төрагасы Швеция 6-февралда Түркия жана Сирияда болгон жер титирөөдөн жабыркагандарга колдоо көрсөтүү максатында кайрымдуулук конференциясын өткөрүшүүдө.

1962505
Чавушоглу Брюсселде...
nikos dendias-cavusoglu bruksel.jpg
ab gurcistan temsilcisi toivo tlaar-cavusoglu.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Эл аралык донорлор конференциясына катышуу үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселге барды.

Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясы менен ЕБ Кеңешинин Төрагасы Швеция 6-февралда Түркия жана Сирияда болгон жер титирөөдөн жабыркагандарга колдоо көрсөтүү максатында кайрымдуулук конференциясын өткөрүшүүдө.

Чавушоглу конференциянын алдында Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана ЕБ өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын башчысы Ахим Штайнерди кабыл алган Чавушоглу Европа Биримдигинин Түштүк Кавказ жана Грузия кризиси боюнча атайын өкүлү Тойво Клаар менен да жолукту.

Чавушоглу жолугушууларга байланыштуу социалдык медиа эсебинен билдирүү жасап:«Биз Евробиримдиктин Түштүк Кавказ жана Грузия боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын жетекчиси менен аймактык маселелерди жана жер титирөөдөн кийинки реконструкция процессин талкууладык»,-деди.

Грециянын тышкы иштер министри Николас Дендиас менен да жолугушкан Чавушоглу жер титирөөдөн кийинки тилектештиктен улам грек өкмөтүнө жана грек элине ыраазычылык билдирди.

Чавушоглу эки өлкөнүн карым-катнаштарынын оң маанайда экенин айтты.



Тектеш кабарлар