Акар малайзиялык кесиптеши менен жолугушту

Министрликтеги аскердик аземден кийин Акар менен Хасан бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрүшүп, биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

1962501
Акар малайзиялык кесиптеши менен жолугушту

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркияга расмий чакыруу менен келген Малайзиянын коргоо министри Утама Мохамад Бин Хажи Хасан менен жолугушту.

Министрликтеги аскердик аземден кийин Акар менен Хасан бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрүшүп, биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

Акар өз сөзүндө Түркия менен Малайзиянын ортосундагы орток өткөн жана баалуулуктарды баса белгилеп: «Ынтымагыбыз жана биримдигибиз мындан ары да арта берет деп ишенебиз»,-деди.

6-февралда Кахраманмарашта болгон жер титирөөнү эске салган министр Акар: «Улут мамлекет катары жер титирөөгө каршы күрөшүбүздү бүт күчүбүздү мобилизациялоо менен улантып жатканда, Малайзия биринчи учурдан тартып биз менен болгон өлкөлөрдүн арасында болду. Издөө-куткаруу кызматкерлерине жана Адыямандагы курулган талаа медициналык оорукана кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз»,-деп айтты.

Түркия менен Малайзиянын ортосундагы карым-катнаштардын достук жана бир туугандыкка негизделгенин белгилеген Акар кесиптеши менен абдан жемиштүү жана конструктивдүү жолугушуу өткөргөнүн түшүндүрдү.

Акар эки тараптуу жана аймактык темалар, аскердик билим берүү кызматташтыгы жана коргонуу өнөр жайындагы кызматташтык темаларында пикир алмашкандарын айтты.

Малайзиянын коргоо министри Хасан да Малайзия өкмөтүнүн очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн кийин Адыяманда курулган талаа медициналык ооруканасында колдонулган материалдарды жардам катары берүү чечимин чыгарганын жарыялады.

Иш сапар менен келген министр ошондой эле эртең Адыямандагы талаа ооруканасына барууну пландап жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар