Тышкы иштер министри Египетте

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Египет менен дипломатиялык карым-катнаштардын эң кыска убакытта жогорку деңгээлге жете тургандыгын айтты.

1961633
Тышкы иштер министри Египетте
cavusoglu-sukri1.jpg
cavusoglu-sukri.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Египет менен дипломатиялык карым-катнаштардын эң кыска убакытта жогорку деңгээлге жете тургандыгын айтты.

Чавушоглу египеттик кесиптеши Самих Шукринин чакыруусу менен Египетке барды.

Министр Чавушоглу 11 жылдан кийин Түркиядан Египетке барган биринчи тышкы иштер министри болду.

Чавушоглу жолугушууларынын алкагында кесиптеши Шукри менен жолугушту.

Жекеме  - жеке  жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин эки министр биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Мевлүт Чавушоглу Түркия менен Египеттин тарыхый байланыштарынын бар экендигин, эки тараптуу карым – катнаштардын аймактын ырааттуулугу үчүн маанилүү экендигин айтты.

"Аймагыбыздын тынчтыгы үчүн  бирдикте иштешибиз керек. Мындан кийинки процесстерде да пикир келишпестиктер болушу мүмкүн бирок мамилебизди үзбөө үчүн өзүбүзгө түшкөн милдетти аткарабыз",- деген Чавушоглу бүгүн өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө бир топ темада Египет менен пикир келишпестигинин болбогондугу байкалганын билдирди. 

Чавушоглу сүйлөшүүлөрдө тараптардын энергетика, соода, транспорт жана дипломатия сыяктуу тармактарда карым  - катнаштарды бекемдөө эркин көрсөткөндүгүн белгилеп : «Келечекте дипломатиялык мамилелерди жогорку деңгээлге чыгарабыз",- деди. 

Чавушоглу саясий темаларда эки тараптуу жана аймактык темаларда кеңешүүлөрдү жандандырууну каалагандарын да баса белгиледи.  

Самих Шукри да  : «Түркия менен Египеттин ортосундагы карым-катнаштардын өнүгүшү эки өлкөнүн тең кызыкчылыгында. Бизде бекем негиз бар жана Түркия менен карым-катнаштарды күчтүү түрдө кайра кура турганыбызга ишенебиз»,-деди. 

6-февралда Кахраманмарашта болгон жер титирөөдөн кийин министр Шукри тилектештик жана көңүл айтуу үчүн 27-февралда Түркияга келип, министр Чавушоглу менен жолугушкан.

 

 



Тектеш кабарлар