Хулуси Акар дан коридору тууралуу сүйлөшүүлөрдүн уланып жаткандыгын айтты

Акардын жетекчилигинде Кургактык күчтөрү командирлигинин алдыңкы биргелешкен операциялар борборунда чек ара сызыгындагы жана анын тышындагы аскерлердин командирлеринин катышуусунда видеоконференция жыйыны өткөрүлдү.

1961595
Хулуси Акар дан коридору тууралуу сүйлөшүүлөрдүн уланып жаткандыгын айтты

 Улутутк коргоо министри Хулуси Акар дан коридоруна байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн уланып жаткандыгын айтты.

Акардын жетекчилигинде Кургактык күчтөрү командирлигинин алдыңкы биргелешкен операциялар борборунда чек ара сызыгындагы жана анын тышындагы аскерлердин командирлеринин катышуусунда видеоконференция жыйыны өткөрүлдү.

Хулуси Акар жыйында 2022 -жыл 24 -февралда башталган Россия-Украина согушунан улам «азык-түлүк кризиси» коркунучун жоюга карата Түркиянын аракеттери менен түзүлгөн «дан коридоруна» баа берди.

Акар : «Убакыт акырына чыгып баратат. Ушуга окшош башталыш шарттары менен муну улантуу боюнча Россия жана Украина менен кат алышууларыбыз жана сүйлөшүүлөрүбүз уланууда»,- деди.

Аймакта ок атышпоонун түзүлүшүн, кан төгүүлөрдүн токтошун каалагандыгын айткан Акар бул тууралуу башта президент Режеп Таййип Эрдоган жана тийиштүү министрлердин сүйлөшүүлөрдү улантып жаткандыгын белгилеп, жакшы жыйынтыкка жетүүнү каалады.

Түркия, Украина, Россия жана БУУнун арасында 22 -июлда Стамбулда түзүлгөн Дан коридору келишиминин мөөнөтү бүгүн аяктайт. Келишимдин мөөнөтүнүн узартылыш үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.



Тектеш кабарлар