Кыргыз окуучуларынан маанилүү тилектештик

Борбор шаар Анкарадагы Алия Иззетбегович паркында курулган чатыр шаарчада балдар үчүн Этимесгут муниципалитети тарабынан программа уюштурулду.

1961257
Кыргыз окуучуларынан маанилүү тилектештик
kirgiz oyuncak.jpg
kirgiz oyuncak.jpg

Кыргызстандын Нарын шаарындагы "Ататүрк" балдар мектебинин окуучулары тарабынан жиберилген оюнчуктар 6-февралдагы жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмарашта балдарга берилди.

Борбор шаар Анкарадагы Алия Иззетбегович паркында курулган чатыр шаарчада балдар үчүн Этимесгут муниципалитети тарабынан программа уюштурулду.

Ыктыярчы мугалимдерден турган театрдын жамааты тартуулаган спектаклден кийин кыргыз окуучулары тарабынан жөнөтүлгөн оюнчуктар жер титирөөдөн жабыркаган балдарга таратылды.

Этимесгут муниципалитетинин басма сөз жана коомчулук менен байланыштар боюнча директору Исмаил Шахин: «Бул тилектештиктин руханий мааниси абдан чоң. Азербайжандык бир тууганыбыз жер титирөө болгон жерге таң атпай эски машинеге төшөгүн, көрпөсүн жүктөп келгендей, кыргыз балдары да ошондой сезимди, толкунданууну, кайгыны башынан өткөрүүдө. 350 миллион Түрк дүйнөсү да ушундай кайгыны башынан кечирүүдө»,-деди.

Театр тобунун координатору мугалим Элифе Култүроглу шаардагы чатыр жана контейнер шаарчаларында балдарга арналган спектаклдарды койгондорун айтып: «Балдар абдан бактылуу, анткени бул аларга азыр эң керектүү нерсе. Алардын кайгысын жеңилдетип, аларды бактылуу кылуу бизди да бактылуу кылат»,-деди.



Тектеш кабарлар