Эрдоган Түрк инвестиция фондунун түрк дүйнөсүндөгү экономикалыкага салым кошо турганын айтты
Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте өткөрүлгөн Түрк Мамлекеттер Уюмунун кезексиз саммитине байланыштуу билдирүү жасады.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түрк инвестиция фондунун түрк дүйнөсүндөгү экономикалык интеграцияга салым кошо турганын айтты.
Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте өткөрүлгөн Түрк Мамлекеттер Уюмунун кезексиз саммитине байланыштуу билдирүү жасады.
Саммитти ийгиликтүү аяктагандарын белгилеген Эрдоган, Түркиядагы жер титирөө жана сел кырсыктарынан кийин уюмдун мүчөлөрү жана байкоочулары менен тилектештик максатында чогулгандарын айтты.
Саммитке катышкан мамлекет башчыларына ыраазычылык билдирген президент Эрдоган: «Биз башыбыздан өткөргөн апаатта Түрк дүйнөсү катары көрсөткөн ынтымак жана биримдикти эч качан унутпайбыз»,-деди.
Эрдоган максаттарынын бир жылдын ичинде бүт жер титирөө зонасында турак жай муктаждыктарын камсыздай турган сапаттуу жана коопсуз имараттарды куруу экенин белгиледи.
Түрк дүйнөсүндөгү интеграциянын кыймылдаткычы болгон экономика, соода, транспорт жана энергетика тармактарындагы кызматташтыктарды да карап чыгышкандарын белгилеген Эрдоган: «Түрк инвестиция фондун уюштуруу келишимине кол коюу реалдуу жетишкендиктердин бири болду. Фонддун аркасында кичи жана орто ишканалар, өнүктүрүү долбоорлору, транспорт жана логистикалык чынжырларга, инфраструктуралык долбоорлорго, айыл чарба жана туризмге инвестиция жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын изилдөөгө колдоо көрсөтүлөт»,- деди.
Түрк инвестиция фондунун да түрк дүйнөсүндөгү экономикалык интеграцияга салым кошо турганын баса белгилеген Эрдоган: «Стамбул түзүлө турган фондго үй ээлик кылат Ушундайча Стамбулдун дүйнөлүк каржы коомчулугунда ойногон борбордук ролунун бекемделишине мүмкүнчүлүк түзгөн болдук»,-деди.