Британиянын Кызыл Крест төрагасынан Кызылайга мактоо
Өткөн жумада Газиантепке келген Британиянын Кызыл Крест уюмунун башчысы Майкл Адамсон Кызылайдын аймактагы иштерин мактап, жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Өткөн жумада Газиантепке келген Британиянын Кызыл Крест уюмунун башчысы Майкл Адамсон Кызылайдын аймактагы иштерин мактап, жардам үчүн ыраазычылык билдирди.
Британия Кызыл Крест уюмунун расмий Твиттер эсебинен берилген видео билдирүүдө : «Британиянын Кызыл Крестинин төрагасы Майкл Адамсон 6 - февралдагы жер титирөөдөн улам көп сандаган адам үй-жайсыз калган Газиантепке барды. Түрк Кызылайы травма жана аза күтүү процессинде балдарга колдоо көрсөткөн психосоциалдык чатырларды курду»,- деп айтылды.
Майкл Адамсондун видео кайрылуусунда : «Газиантепке кайтып келдик. Бул жерде менин айланамда үйлөрү талкалангандыктан адамдар жашаган чатырлар бар. Психологиялык колдоо көрсөтүү үчүн тигилген психосоциалдык чатырлардын алдында турам. Бул жерде бардык курактагы балдар жардам жана билим алышат. Алар башынан өткөндөрдү айтып берүү жана түшүнүүнүн жолун табышууда.
Бүгүн бул жерде Түрк Кызылайынын кийим - кече, тамак - аш жана психолоиялык жардам сыяктуу темаларда аткарылган иштерди көрдүк. Буларды колдоочуларыбыз жана донорлорубуздун жардамы менен аткардык. Сиздер буларды ишке ашыруубузга жардам бердиңиздер. Калыбына келүүнүн убакытта аларын билебиз. Британиянын Кызыл Крестинин атынан муну ишке ашыруубузга мүмүкнчүлүк түзгөн баарына жардамдарынан улам ыраазычылык билдиребиз»,- деди.