Түркиянын электр унаасы Toggдун өзгөчөлүктөрү

Togg T10X жүрүү аралыгы жана кубаттоо ылдамдыгына чейин көптөгөн өзгөчөлүктөргө ээ.

1960786
Түркиянын электр унаасы Toggдун өзгөчөлүктөрү

Түркиянын электр унаасы Togg T10X үлгүсү баасы, ийгилиги жана технологиясы менен атаандаштарын артка калтырууда.

Togg T10X жүрүү аралыгы жана кубаттоо ылдамдыгына чейин көптөгөн өзгөчөлүктөргө ээ.

Түркиянын улуттук сыймыгы колдонуучуларга 523 километр аралыкты тартуулайт.

Анын эквиваленттери 460 километрге чейин гана жүрө алат.

Togg T10X ошондой эле нөлдөн 100 километрге чейинки ылдамдыкта өз классындагы эң мыктылардын катарына кирет. 7,4 секундда 100 километр ылдамдыкка жетет. Кытайдан чыккан толугу менен электрдик унаа MG болсо 7,12 секундада ушундай ылдамдыкка жете алат.

Тоггдун батарейкасы 28 мүнөттө 80 пайызга толот.

Түштүк Кореянын өндүрүшү KIA NIRO EV болсо 65 мүнөттө ушундай көрсөткүчкө жетет.

Togg электромобилдер категориясында гана эмес, ичинен күйүүчү кыймылдаткычтары бар унаалар жагынан да жогору турат.

Абаны булгабаган экологиялык жактан таза өзгөчөлүккө ээ.

T10X акылдуу жардамчы системасы менен да 3-деңгээлдеги автономдуу айдоо тажрыйбасын сунуштайт.

Togg узак аралыкка жүрүү өзгөчөлүгү менен айырмаланууда.

Бренд

Аралыгы (Километр )

TOGG T10X

523

MG ZS EV

440

KIA NIRO EV

460

VOLVO XC40

425



Тектеш кабарлар