Түрк Мамлекеттер Уюмунун саммити башталды

Президент Эрдоган саммиттин ачылышында лидерлерге кайрылуу жасады.

1960822
Түрк Мамлекеттер Уюмунун саммити башталды

Президент Режеп Таййип Эрдоган 6-февралда болгон жер титирөөлөрдөн кийин Түрк дүйнөсүнүн биринчилерден болуп жардамга келгенин айтты.

Түрк Мамлекеттер Уюмунун (TDT) кезексиз саммити президент Эрдогандын жетекчилигинде башталды.

Баш калаа Анкарадагы Президенттик комплексте «Табигый кырсык-өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жана гуманитардык жардам» темасы менен өтүп жаткан саммитке Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен байкоочу өлкөлөрдүн атынан Түндүк Кипрдин президенти Эрсин Татар, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Түркмөнстандын Элдик Кеңешинин төрагасы Гурбангули Бердымухамедов катышууда.

Саммит өтө турган залда лидерлер президент Эрдоган менен кол алышып, үй-бүлөлүк сүрөткө түшүштү.

Саммит аянтында 16 түрк мамлекетинин туулары менен аскерлери да орун алды.

Саммиттин ачылышында лидерлерге кайрылган Эрдоган, жер титирөөлөрдөн кийин биринчилерден болуп жардамга шашкандардын арасында Түрк дүйнөсүнүн бар экенин айтты. Президент: «Сүйүктүү элибиз сиздердин колдооңуздарды эч качан унутпайт»,- деди.

Президент Эрдоган, ТМУнун соода жана экономикалык интеграцияны арттыруу үчүн маанилүү кадамдарды таштаганын баса белгилеп, бул кадамдардын башында Түркия инвестиция фондунун турганын айтты.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев да Түркиянын аймакта гана эмес, бүткүл дүйнөдө көрүнүктүү өлкөгө айланганын, ошондой эле күч чордону экенин белгиледи.

Алиев Түркияга бүткүл дүйнөдө урмат-сый көрсөтүлгөнүн, Түркиянын аскердик күчү менен коргоо өнөр жайындагы ийгилигин дүйнөдөгү ар кимдин суктануу менен караганын айтты.

Азербайжандын сунушу менен Түркияга тилектештик көрсөтүү иретинде өткөрүлгөн саммитте апааттар жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө кызматташтыктын өнүктүрүлүшүнө карата темалар каралып жатат.

Саммитте ошондой эле жалпы күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашуу болууда.



Тектеш кабарлар