ТМУнун кезексиз саммити Анкарада өтөт

Саммитти президент Режеп Таййип Эрдоган жетектейт.

1960380
ТМУнун кезексиз саммити Анкарада өтөт
caparov-erdogan.jpg
mirziyoyev-erdogan.jpg

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезексиз саммити бүгүн борбор шаар Анкарада Бештепеде өтөт.

ТМУ Түркиядагы жер титирөөлөрдөн улам кезексиз күн тартиби менен чогулат.

Саммитти президент Режеп Таййип Эрдоган жетектейт.

Президент Эрдоган уюмга мүчө кээ бир өлкөлөрдүн президенттери менен жолугушту.

Эрдогандын биринчи коногу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев болду.

Президент Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен да өз-өзүнчө жолугушту.

Конок президенттер Түркиядагы жер титирөөлөрдөн улам Эрдоганга жакшы тилектерин айтышты. Жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык маселелер да талкууланып, Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинин күн тартибиндеги маселелерге баа берилди.

ТМУнун кезексиз саммити Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын катышуусунда Бештепеде өткөрүлөт.

Саммитке байкоочу өлкө катары Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Түркмөнстан жана Венгрия да катышат.

Жыйындын күн тартибин Түркиядагы жер титирөөлөрдөн кийин таштала турган орток кадамдар жана түрк аймагына тиешелүү маселелер түзөт.



Тектеш кабарлар