Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушту.

1960373
Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушту
KG Cumhurbaşkanı Sadır Caparov-Cumhurbaşkanı Erdoğan 2.jpg
KG Cumhurbaşkanı Sadır Caparov-Cumhurbaşkanı Erdoğan 3.jpg
KG Cumhurbaşkanı Sadır Caparov-Cumhurbaşkanı Erdoğan 4.jpg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 15-мартта Анкара шаарында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушту.

Өлкө лидерлери кыргыз-түрк эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.

Режеп Таййип Эрдоган Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, ушул жылдын февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көрсөткөн жардамы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Тактап айтканда, жиберилген куткаруучулар тобу жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүшкөн.

Мындан тышкары, ал көрсөтүлгөн гуманитардык, каржылык жардам жана кыргыз тараптан жөнөтүлгөн мобилдик оорукана үчүн ыраазычылык билдирди.

Түркиянын Президенти Садыр Жапаров тараптан колдоосун сезип жатканын, ал биринчилерден болуп көңүл айтуу үчүн телефон чалып, Бишкектеги Түркиянын элчилигинин имаратында көңүл айтуу китебине өзү жазуу калтырганын белгиледи. Түрк эли үчүн бир тууган кыргыз элинен мындай колдоо күч-кубат берет.

Соода-экономикалык кызматташтык маселелерине токтолгон Режеп Таййип Эрдоган эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн өнүгүү динамикасын канааттануу менен белгиледи.

Бүгүнкү күндө Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү оң динамикага ээ болуп, 26 пайызга өстү. Келечекте бул көрсөткүчтү 2 млрд АКШ долларына жеткирүү максаты коюлган.

Ошону менен бирге Түркиянын Президенти Түрк инвестициялык фондун түзүүнү жана анын Бишкекте аймактык өкүлчүлүгүн ачууну колдой турганын баса белгиледи.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров Түркияда болгон жер титирөөлөрдүн кесепетинен көптөгөн адамдардын каза болгондугуна байланыштуу дагы бир жолу көңүл айтты.

Мамлекет башчысы боордош түрк эли менен бирге чын дилден аза күтүп, жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин кааларын белгиледи.

Садыр Жапаров Түркия табигый кырсыктын кесепеттеринен тез арада калыбына келип, бул оор сыноодон татыктуу чыгарына ишеним билдирди.

Өлкө бул каргашалуу мезгилде жалгыз калган жок. Бүткүл дүйнө коомчулугу, анын ичинде Кыргызстан, кайгыны тең бөлүшүп, колдоо көрсөтүп, издөө-куткаруу топторун, гуманитардык жардамды, жабыркагандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн чатырларды жөнөтүштү.

Президент Садыр Жапаров кыргыз эли боордош Түркияны колдоого дайым даяр экенин белгиледи.

Ал ошондой эле ушул жылдын 14-майына белгиленген президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүүнү каалады.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын жакынкы аралыкта өткөрүүнү сунуштады.

Кыргызстан өз ара сооданы көбөйтүү үчүн түрк тарап менен жигердүү иштөөгө жана өз ара аракеттенүүгө ниеттенүүдө.


Тараптар эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, стабилдүүлүгүнө жана гүлдөп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты.

Булак; КРнын Президентинин сайты

 



Тектеш кабарлар