Түркиянын Togg унаасы сатыкка чыкты

Алдын ала буйрутма берүү процесси 16-мартта башталат.

1959706
Түркиянын Togg унаасы сатыкка чыкты
togg.jpg
togg kirmizi.jpg
togg mavi.jpg

Чыдамсыздык менен күтүлгөн Түркиянын Togg электр унаасынын баасы белгилүү болду.

C сегментиндеги SUV үлгүсүнүн аталышы "T10X" деп жарыяланды. Стандарттык аралык үчүн тизме баасы 953 миң лира катары белгиленди.

Алдын ала буйрутма берүү процесси 16-мартта башталат. Togg биринчи ээлерине чүчүкулак тартуу аркылуу жетет.

V1 жабдыктарындагы стандарттык аралык моделинин баасы 953 миң лира деп аныкталды.

Ошол эле аралык түрү менен V2 жабдуулары болсо 1 миллион 55 миң лира болду.

Узак мөөнөттүү батарейка колдонулган V2 жабдуулары 1 миллион 215 миң лирадан сатыкка чыкты.

Түркиянын унаасы стандарттык аралыкта 314 километр жол жүрө алат.

Экинчи вариант болсо өз колдонуучуларына 523 километр аралыкты сунуштайт.

T10X моделине ээ болууну каалагандар TOGG веб-сайты жана Trumore тиркемеси аркылуу кайрыла алышат.



Тектеш кабарлар