Чавушоглу:«Монголия-Түркия соода көлөмү үчүн эң аз 500 миллион долларлык максат коюлушу керек»
Чавушоглу Монголиянын тышкы иштер министри Батмунх Батцэцэг менен борбор шаар Анкарада министрликте эки тараптуу жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Монголия менен Түркиянын ортосундагы соода көлөмү үчүн эң аз 500 миллион долларлык максат коюлушу керектигин айтты.
Чавушоглу Монголиянын тышкы иштер министри Батмунх Батцэцэг менен борбор шаар Анкарада министрликте эки тараптуу жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.
Чавушоглу жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштарды сүйлөшкөндөрүн жана бул карым-катнаштардын көп тармакта иштөө менен өнүктүрүлүшү керектигин баса белгиледи.
Эки тараптуу соода көлөмү үчүн мурда 100 миллион долларлык максат коюлганына көңүл бурган Чавушоглу, өткөн жылы бул максаттын ишке ашкандыгын айтып: «Эми биз эң аз дегенде 500 миллион долларлык максатты коюшубуз керек. Өсүү темпин караганыбызда, жакынкы жылдарда бул максатка жете алабыз. Бул багытта кадам таштасак эле»,-деди.
Бүгүн 3 келишимге кол коюшкандарын жана бул келишимдер менен кызматташтыкты кеңейтип, тереңдете тургандарын белгилеген Чавушоглу, эки тараптуу кызматташтыктын карым-катнаштардын укуктук инфраструктурасын да жакшырта турганын айтты.
Коргонуу өнөр жайы кызматташтыгынын өнүктүрүлүшү боюнча сүйлөшүүлөр болгонун белгилеген Чавушоглу: «Дос Монголияга бул тармакта ар кандай колдоо көрсөтүүгө даярбыз»,-деди.
Курулуш долбоорлорунда колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин кайталаган Чавушоглу, Каракорумда курула турган шаар жана жаңы аэропорттун курулушу боюнча кызматташтыкты уланта тургандарын белгиледи.
Түрк аба жолдорунун (THY) акыркы мезгилде жумалык каттам санын 3төн 4кө көтөргөнүн, керек болсо 7ге чыгарын белгилеген Чавушоглу, Анкара жана Антальяга түз каттамдар боюнча келишимге жетишкендерин айтты.
«Монгол эли катары Түркия менен чын жүрөктөн биримдикте экенибизди билдиребиз»,- деп айткан Батцэцэг да Монголия менен Түркиянын тарыхый жана маданий байланыштарына көңүл бурду.