Юрген Ригтеринк 12-мартта Түркияга келет

Банктын билдирүүсүндө Ригтеринк төрт күндүк иш сапары менен Түркияга келип, Стамбул жана Анкарада мамлекеттик кызматкерлер жана жеке сектордун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөрү билдирилди.

1957969
Юрген Ригтеринк 12-мартта Түркияга келет

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын төрага орун басары  Юрген Ригтеринк 12 - мартта Түркияга келет.

Банктын билдирүүсүндө Ригтеринк төрт күндүк иш сапары менен Түркияга келип, Стамбул жана Анкарада мамлекеттик кызматкерлер жана жеке сектордун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөрү билдирилди.

Билдирүүдө баа берүүсүнө орун берилген Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын төрага орун басары  Юрген Ригтеринк : "Түркия Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы үчүн абдан маанилүү өлкө. Кыйратуучу апааттын экономикалык чыгымы бар. Бул бекем жана маанилүү колдоону керек кылат. Ушул себептен  Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы алдыбыздагы эки жылдын ичинде Түркиянын түштүк чыгыш аймагына 1,5 миллиард евро инвестиция салууну  пландап жатат",- деди. 

Түркияда банктын инвестицияларын уланта тургандарын дагы бир жолу баса белгилеген  Ригтеринк : " Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы катары өлкөгө калыбына келүү жана кайрадан куруу аракеттеринде таасирдүү, узун мөөнөттүү жардам берүүгө убада беребиз",- деди.

 Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы Түркияга 2009 -  жылдан бери 17 миллиард евролук инвестиция салды. 

 

 

 



Тектеш кабарлар