Чавушоглу 8-Март Аялдардын Эл аралык күнүнөн улам билдирүү жарыялады

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бардык аялдарды Эл аралык күнү менен куттуктады.

1956536
Чавушоглу 8-Март Аялдардын Эл аралык күнүнөн улам билдирүү жарыялады

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу:«Жер титирөөдөн кийин жасалган иштердин башында турган бардык аялдарга ыраазычылык билдирип, шейит кеткен аялдарыбызды ырайым жана ыраазычылык менен эскерем»,-деди.

Тышкы иштер министри Чавушоглу 8-Март Аялдардын Эл аралык күнүнөн улам билдирүү жасады.

Бардык аялдарды Эл аралык күнү менен куттуктаган Чавушоглу «Биздин өлкөдө болгон жер титирөө дагы бир жолу көрсөттү; Аялдарыбыз өздөрүнүн туруктуулугу, чыдамдуулугу жана оор шарттарга тез көнүү жөндөмдүүлүгү менен жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда жана үйлөрүбүздү жандандырууда негизги күчүбүз болот. Биздин өлкө аялдарга карата дискриминацияга жана зомбулукка жол бербөө, аялдардын коомдук турмуштун бардык аспектилеринде таасирдүү сөз ээси болушу үчүн чечкиндүү иш алып барууда»,-деди.

Чавушоглу Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынышынын 75 жылдыгын ишке ашырып жатканда, коомдун бардык чөйрөлөрүндө аялдардын позициясын бекемдөө максатында эл аралык жана аймактык уюмдардын катышуусунда жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга Түркиянын активдүү салымдарынын уланып жатканын белгиледи.

Тышкы иштер министри:«Биз дагы бир жолу бардык аялдардын 8-март Эл аралык күнүн куттуктап жатып, жер титирөөдөн кийин жүргүзүлүп жаткан иштердин башында турган бардык аялдарга, анын ичинде башка улуттун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиргим келет. Мен шейит болгон аялдарыбызды ырайым жана ыраазычылык менен эскерем»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар