Түркияга жардамдар уланууда
Түркиядагы жер титирөөлөрдө көп сандаган адамдар каза тапкан.





6-февралда болгон «Кылымдын апааты» деп сыпатталган жана 11 облуска таасирин тийгизген жер титирөөлөрдөн кийин дүйнөдөн Түркияга жардамдар жана колдоо билдирүүлөрү уланууда.
Түркиядагы жер титирөө болгон аймактарга ушул убакка чейин 9 унаа жардам жөнөткөн Албанияда жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн чогултулган материалдарды ташыган дагы бир жардам фурасы борбор шаар Тиранадан жолго чыкты.
Пакистандын 18 университети жер титирөөдөн жапа чеккен аймактарга жардам көрсөтүү үчүн кайрымдуулук жасашты. Бул кайрымдуулук каражаты жардамга, реабилитацияга жана жер титирөөдөн жабыркаган аймактардагы студенттерге стипендия үчүн жумшалат.
Бельгияда көптөгөн радио каналдарынын катышуусу менен да Түркия жана Сирияда жер титирөөдөн жабыр тарткан жарандарга кайрымдуулук акциясы уюштурулду. Өлкөдө фламан тилинде эфирге чыккан мамлекеттик жана жеке менчик радио каналдары, түрк ырчысы Хадисе да арасында болгон 30 өнөрпоздун аткаруусундагы «Адамдар адамдарга жардам берет» аттуу ырды тартуулашты. Кээ бир радио программалары да өз берүүлөрүн жер титирөө жана жардам кампанияларына арнашты. Кайрымдуулук каражаттарын "BE19 0000 0000 1212" номердүү эсепке же "www.1212.be" сайтына которсо болот.
Америка Кошмо Штаттарында да Түркиядагы жер титирөөлөрдө каза болгондорду эскерүү жана аман калгандарга колдоо көрсөтүү максатында Нью-Йорктогу Эмпайр Стейт имараты түрк желегинин кызыл-ак түстөрү менен жарыктандырылды.
Сербияда болсо Нови Пазар менен Радницки футбол командаларынын Супер Лига беттешинде талаага ыргытылган оюнчуктар Кахраманмараштагы жер титирөөдөн жабыркаган балдарга жөнөтүлөт.