Президент Режеп Таййип Эрдоган улуттук коркунуч калканы жыйынында сөз сүйлөдү

Эрдоган горизонталдык архитектурадан баш тартпай тургандарын айтты.

1954590
Президент Режеп Таййип Эрдоган улуттук коркунуч калканы жыйынында сөз сүйлөдү

 Президент Режеп Таййип Эрдоган горизонталдык архитектурадан баш тартпай тургандарын айтты.

Стамбулда Долмабахче кеңсесинде Түркия улуттук коркунуч калканы жыйынында сөз сүйлөгөн президент Эрдоган   6 -  февралда Кахраманмарашта болгон жер титирөөлөрдүн  11 шаарда чоң жоготууларга жана кыйроолорго жол ачкандыгын белгиледи.

«Каза болгон 45 миңден ашуун жараныбыздынн жаракат алган 115 миң адамдын кайгысы жүрөгүбүздө»,- деген Эрдоган апааттын жараларын айыктыруу үчүн күнү  түнү иштеп жаткандарын айтты.

Чыгымдарды аныктоо иштери бүтөөрү менен шаарларда курула турган жаңы турак жайлардын жана айыл үйлөрүнүн саны такталарын айткан Эрдоган жаңы турак жайлардын, жаңы турмуштук аянттардын курула баштай тургандыгын билдирди.

Президент : «Жаңы орутукташуу жерлерин пландап жатып шаарларыбыздын багытын  түздүктөн тоолорго, мүмкүн болушунча  бекем жерлерге айландыруудабыз. Байыркы шаарларыбызды, тарыхый жана маданий байлыктарыбызды да жашата турган, ошол эле учурда апааттарга каршы күчтөндүрө турган түшүнүк менен жандандырууну максат кылуудабыз. Горизонталдык архитектурадан баш тартпайбыз",- деди.



Тектеш кабарлар