Президент Эрдоган Грецияга көңүл айтты
Грециянын Лариса шаарынын түндүгүндөгү Темпи аймагында жүргүнчү поезди менен жүк ташуучу поезд кагылышты.
1953511

Президент Режеп Таййип Эрдоган Грецияда болгон поезд кырсыгынан улам Грециянын президенти Катерина Сакеларопулу менен Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакиске көңүл айтты.
Президент Эрдоган билдирүүсүндө Грецияда болгон поезд кырсыгына терең кайгырганын белгилеп, кырсыкта каза болгондор үчүн көңүл айтып, жаралууларга шыпаа тиледи.
Грециянын Лариса шаарынын түндүгүндөгү Темпи аймагында жүргүнчү поезди менен жүк ташуучу поезд кагылышты.
Жүргүнчү поездинин айрым вагондору рельстен чыгып, алдыдагы вагондор өрттөнгөн кырсыкта 38 киши каза болуп, 130 киши жаракат алды.