Малатьяда болгон жер титирөөдө 2 киши каза болуп, 140 киши жаракат алды

Издөө -  куткаруу иштери 650 киши болгон топтор менен жүргүзүлүүдө.

1952691
Малатьяда болгон жер титирөөдө  2 киши каза болуп, 140 киши жаракат алды

Малатьяда кечээ болгон 5,6 баллдык  жер титирөөдө 2 кишинин каза болгондугу, 140 кишинин жаралангандыгы билдирилди.

Апаат жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан берилген маалыматка караганда эпицентри Малатьянын Йешилюрт району болгон жер титирөөдө урандылардан 32 киши куткарылды.

Жер титирөөдө  2 кишинин каза болгондугу, 140 кишинин жаракат алгандыгы алардын ичинен 12 кишинин абалынын оор экендиги, 40 кишинин дарылануусу улантылылып жаткандыгы билдирилди.

Кыйраган 31 имараттын жетөөсүндө издөө – куткаруу иштери аяктады.

Издөө -  куткаруу иштери 650 киши болгон топтор менен жүргүзүлүүдө.



Тектеш кабарлар