Чавушоглу:«Милдеттенмелер аткарылмайынча Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө ооба деп айтуу мүмкүн эмес»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Анкарада Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1952026
Чавушоглу:«Милдеттенмелер аткарылмайынча Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө ооба деп айтуу мүмкүн эмес»

Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Анкарада Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Түркиянын террорго байланыштуу тынчсызданууларынын НАТОго талапкер эки өлкө (Швеция, Финляндия) тарабынан кабыл алынышы керектигин эске салган Чавушоглу:«Башка союздаштарыбыздын салымы менен 28-июнда Испаниянын борбору Мадридде Финляндия жана Швеция менен үч тараптуу түшүнүшүү меморандумуна кол койдук. Ошондон бери, тилекке каршы, Швеция тарабынан өзгөчө бул үч меморандумду ишке ашырууда канааттандырарлык кадамдар жасалган жок»,-деди.

Чавушоглу террорго каршы конституция жана кээ бир мыйзамдарга өзгөртүү киргизген Швецияда террордук аракеттердин уланып жатканын белгиледи.

Чавушоглу:«НАТОго мүчө болуу боюнча милдеттенмелер бар. Бул кадамдарды көрбөй туруп, Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө ооба деп айтуу мүмкүн эмес»,-деди.

Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө Швецияга Караганда оңураак карагандарын баса белгилеген тышкы иштер министри:«Биз көйгөйлүү менен азыраак көйгөйлүү болгонду бөлөбүз. Бул эки өлкө менен биздин эки тараптуу мамилелерибизде башка көйгөйлөр жок. Бирок бул олуттуу көйгөй. Бул чындыгында НАТО үчүн көйгөй. Швеция өзгөчө бул милдеттенмелерди аткармайынча, НАТОго мүчөлүгүбүздү бекитүү мүмкүн эмес»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар