Түркия Россия - Украина согушунун бир жылдыгына карата билдирүү жарыялады

Билдирүүдө Россия -     Украина согушунун аякташы үчүн бардык жардамды жана аракеттин улантыла тургандыгы белгиленди.

1951410
Түркия Россия  - Украина согушунун бир жылдыгына карата билдирүү жарыялады

Түркия башынан бери четке каккан Россия -     Украина согушунун Украинанын жеринин бүтүндүгү жана эгемендигин түзө тургандай түрдө аякташы үчүн бардык жардамды жана аракетти уланта тургандыгын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен Украина согушунун бир жылдыгы тууралуу берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Түркиянын бардык аракеттерине карабастан Украинада бир жыл мурда башталган согуштун азыр да улантылып жаткандыгы белгиленди.

Бул согуштун чыгымы бир гана эки өлкөдө эле эмес,  бүткүл дүйнөдө  сезилгендиги белгиленип : «Согуштун сүйлөшүү жолу менен адилеттүү жана туруктуу түрдө эртерээк аякташы керектигин ар платформада баса белгилеп жатабыз. Стамбул дан келишиминин негизинде ушуга окшогон  демилгелер менен чечүү аракеттерине колдоо көрсөтүүдөбүз»,- деп айтылды.

Билдирүүдө : «Башынан бери четке каккан бул согуштун Украинанын жеринин бүтүндүгүн жана эгемендигин түзө тургандай түрдө аякташы үчүн бардык колдоону жана аракетти улантабыз»,- деген сөздөргө орун берилди.

 



Тектеш кабарлар