Фахреттин Алтун "Катимерини" гезитинин жер титирөө тууралуу суроолоруна жооп берди

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун мамлекеттин жер титирөөдөн жабыркагандардын жараларын болгон күчү менен айыктырып жаткандыгын айтты.

1951480
Фахреттин Алтун "Катимерини" гезитинин жер титирөө тууралуу суроолоруна жооп берди

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун мамлекеттин жер титирөөдөн жабыркагандардын жараларын болгон күчү менен айыктырып жаткандыгын айтты. 

Фахреттин Алтун Грециянын алдыңкы гезиттеринин бири Катимерининин  6-февралда Түркияда болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр тууралуу суроолоруна жооп берди.

Өлкөдө болжол менен 9 саат аралык менен эки  чоң жер титирөө болгондугун баса белгилеген Алтун, бул процессте издөө-куткаруу кызматкерлеринен коопсуздук күчтөрүнө жана медициналык кызматкерлерге чейин бардыгынын аракет кылганын баса белгиледи.

Алтун буларды айтты : "Мамлекетибиз болгон күчү менен жабыркагандардын жараатын айыктырууга аракет кылууда. Жарандарыбыз да АФАД башта болгон башка жардам иштерин жүргүзгөн мекемелерге материалдык жардамдарын беришүүдө. Чындыгында да Түркиянын мамлекети жана улуту менен биримдигин, бүтүндүгүн бул кыйын мезгилде ачыкча ортого салдык. Азыркы учурда өкмөтүбүздүн жарандарыбыздын муктаждыктарын камсыздоо жана жер титирөөдөн жабыркаган шаарларыбызды кайрадан куруунун тышында алдыңкылыгы жок". 

Грециянын да колдоо билдирүүсүн жарыялагандыгын, издөө -  куткаруу топторунун куткаруу иштерине катышкандыгын эске салып, мунун Түркия менен Грециянын карым  - катнаштарында "жаңы бир барак" ачып же ачпай тургандыгы тууралуу суроого : "Албетте Грецияга жана жардам берген бардык өлкөлөргө ыраазычылык билдиребиз. Греция менен карым  - катнаштарыбыз тууралуу муну айта аламын; биз, бардык коңшуларыбыз менен ар дайым жакшы мамиледе болууну каалайбыз. Кээ кээде мамлекеттердин ортосунда пикир келишпестиктердин болушу табигый нерсе. Биз бул талаш-тартыштарды эл аралык укукка ылайык, мазмундуу жана чын ыкластуу диалогдун жана калыстыктын негизинде чечишибиз керек. Түрк улуту өзүнө сунулган достук колун эч качан бош калтырган эмес",- деп жооп берди Алтун.

 



Тектеш кабарлар