Адмирал Стюарт Мюнш Аданада
НАТОнун Неаполдогу биргелешкен күчтөр командири адмирал Стюарт Мюнш Түркияда болгон жер титирөөдөн жабыркаган аймактарды көрүү жана жардам иштерин жеринде көрүү үчүн Аданадагы Инжирлик аба базасына келди.

Командирликтин Twitter баракчасынан берген билдирүүсүндө : «Адмирал Мюнштин НАТО жана Америка Кошмо Штаттарынын командалары менен жардам көрсөтүү аракеттерин көзөмөлдөө жана баа берүү үчүн Инжирлик сапары НАТО менен АКШнын Түркияга аба жолу аркылуу чатыр жана жардам материалдарын ташуу иштерине көңүл буруу менен баштады",- деп айтылды.
Билдирүүдө Мюнштын НАТОнун Түркияга берген биринчи жардамдарын жеринде көрүү үчүн жер титирөөдөн жабыркаган Хатайдын Искендерун районуна барары билдирилди.
6 - февралда Кахраманмарашта болгон, "кылымдын апааты" деп мүнөздөлгөн жана 11 облусту таасири астына алган жер титирөөлөрдөн кийин 9 миңден ашуун эл аралык издөө - куткаруу кызматкерлери Түркияга келди.