Түркияга жардамдар уланууда

Жер титирөөдөн жапа чеккен Түркияга көптөгөн өлкөлөр жардам көрсөтүп жатышат.

1949635
Түркияга жардамдар уланууда

Бахрейн, «кылымдын апааты» деп сыпатталган Кахраманмараштагы жер титирөөлөрдөн жабыркагандар үчүн жардам материалдарын ташыган аскердик учагын Түркияга жөнөттү.

Өлкөнүн расмий агенттиги BNAдагы кабарда 55,7 тонна жардам материалы менен жолго чыккан Бахрейн Королдугунун Аба күчтөрүнө таандык аскердик учактын, Түркияга чатырлар менен бирге тамак-аш жана дары-дармектерди алып келе жатканы белгиленди.

Ирандын Батыш Азербайжан облусунун Урмия шаарына караштуу Балов жана Кызыл Хангах айылынын тургундары, жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн чогулткан жардам материалдарын Түркиянын Урмия башкы консулдугуна тапшырышты.

Генератор, жылыткыч, жууркан, матрац жана кийим-кечелерди камтыган 2 жардам унаасы Түркияга жол тарткан Албаниядан жер титирөөдөн жабыркагандарга дагы бир жардам унаасы жөнөтүлүүдө.

Греция болсо жер титирөөдөн жабыркагандарга дагы 110 тонна гуманитардык жардам жөнөттү.

Ал эми Босния-Герцеговина калкы, Түркия тараткан Рамазан пакеттеринин кутуларын кайрадан толтуруп, «кылымдын апааты» деп сыпатталган Кахраманмараштагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам катары жөнөтүштү.

Косово Ислам Биримдигинин төрагасы Наим Тырнава, өлкөдөгү 900дөн ашуун мечитте чогулган болжол менен 400 миң евролук (орто эсеп менен 8 миллион лира) жардамдын Табигый кырсык жана чукул кырдаалдарды башкару төрагалыгынын (AFAD) жардам эсебине которулганын жарыялады. Призрен ишкерлер коому жана Косово Демократиялык Түрк партиясынын демилгеси менен жарандар жана майда соодагерлер тарабынан чогултулган 102 миң евронун AFADдын жардам эсебине салынганы билдирилди.

Египет өкмөтүнүн 650 тонналык жардам материалы да «ENS Halayeb» аскердик кемеси аркылуу Мерсин эл аралык портуна жеткирилди.



Тектеш кабарлар