Түрк коргонуу өнөр жайынын айдоочусуз кургактык унаасы Капган биринчи жолу чет өлкөдө таанытылат

Капган IDEX жарманкеси менен биринчи жолу чет өлкөгө таанытылат.

1948343
Түрк коргонуу өнөр жайынын айдоочусуз кургактык унаасы Капган биринчи жолу чет өлкөдө таанытылат

Түрк коргонуу өнөр жайынын алкагында иштелип чыккан айдоочусуз кургактык унаасы Капган биринчи жолу чет өлкөдө таанытылат.

IDEX Эл аралык Коргонуу көргөзмө жана конференциясы 20-24-февраль күндөрүнүн аралыгында Бириккен Араб Эмирликтеринин борбор шаары Абу-Дабиде коргонуу өнөр жайы жана дүйнөнүн төрт бурчунан келген өлкөлөрдүн жогорку деңгээлдеги расмий делегацияларынын катышуусунда өткөрүлөт.

Жарманкеде HAVELSAN бир канча убакыттан бери иштеп жаткан айдоочусуз учуучу жана кургактык унааларынан турган «санариптик биримдик» концепциясы да көрсөтүлөт. Бул контекстте орто класс-2 айдоочусуз кургактык унаасы катары жайгашкан Капгандын, орто класс-1 айдоочусуз кургактык унаасы Баркан жана булут астындагы учкучсуз учуучу аппарат болгон Баханын мүмкүнчүлүктөрү келгендерге түшүндүрүлөт.

Капган IDEX жарманкеси менен биринчи жолу чет өлкөгө таанытылат.



Тектеш кабарлар