Жер титирөө боюнча колдоолор...

Кахраманмарашта 6-февралда болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр миңдеген адамдардын өмүрүн алып, «кылымдын апааты» катары мүнөздөлгөн.

1948199
Жер титирөө боюнча колдоолор...

Даниянын тышкы иштер министри Ларс Лөкке Расмуссен Германияда өткөрүлгөн 59-Мюнхен коопсуздук конференциясында жасаган билдирүүсүндө, Кахраманмарашта болгон жер титирөөлөрдөн кийин Европа Биримдиги менен Түркияны жакыныраак кызматташууга чакырды.

Чоң жетиликке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери да жыйынга чогулуп, жер титирөөлөрдөн улам Түркияга көңүл айтышты.

Очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөгү издөө-куткаруу иштерине колдоо көрсөтүү үчүн келген Кувейт командасынан полковник Эймен ел-Муфрих Түркиянын өлкөнү кайра курууга жана калыбына келтирүүгө күчү жетээрине ишенгендерин белгилеп: «Биз ар дайым колдойбуз",-деди.

Кахраманмарашта 6-февралда болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр миңдеген адамдардын өмүрүн алып, «кылымдын апааты» катары мүнөздөлгөн.



Тектеш кабарлар