Президент Эрдоганга көңүл айтуулар келүүдө

6  - февралда болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр миңдеген адамдардын өмүрүн алып, “кылымдын апааты" деп мүнөздөлүүдө.

1948068
Президент Эрдоганга көңүл айтуулар келүүдө

Президент Режеп Таййип Эрдоганга телефон чалган айрым өлкөлөрдүн лидерлери Кахраманмарашта болгон жер титирөөлөрдө каза болгондор үчүн көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалашты.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда президент Эрдоган Босния  -  Герцоговинанын президенттик кеңешинин хорват мүчөсү Зелько Комсичти Вахдеттин сарайында кабыл алды.

Комсич кабыл алууда жер титирөөдөн улам президент Эрдоганга көңүл айтты. 

Ошол эле учурда Конго Демократиялык Республикасынын Президенти Феликс Тшисекеди, Япониянын премьер - министри Фумио Кишида, Италиянын премьер - министри Жорджия Мелони жана Эфиопиянын премьер - министри Абий Ахмед Али да президент Эрдоганга телефон  чалып, жер титирөөдө каза болгондор үчүн көңүл айтышты.

 

Кабыл алуу жана жолугушууларда лидерлер Түркияга колдоо жана түрк калкы менен тилектештиктерин билдиришти.

6  - февралда болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр миңдеген адамдардын өмүрүн алып, “кылымдын апааты" деп мүнөздөлүүдө.



Тектеш кабарлар