Жер титирөөлөрдөн жапа чеккендерге чет өлкөлөрдүн жардамдары...

Кахраманмарашта 6-февралда болгон жана 10 провинцияга таасирин тийгизген 7,7 жана 7,7 баллдык жер титирөөлөр миңдеген адамдардын өмүрүн алып, «кылымдын апааты» деп сыпатталууда.

1946052
Жер титирөөлөрдөн жапа чеккендерге чет өлкөлөрдүн жардамдары...
Kırgızistan Türk Okulalrı Deprem yardım1.jpg
Kırgızistan Türk Okulalrı Deprem yardım.jpg
Türkmenistan Yardım 3.jpg

«Кылымдын апааты» деп сыпатталган очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн кийин Тайвань калкы апаат үчүн жардам катары берген материалдардын ташылышы уланууда.

Тайбэй Түрк соода кеңсеси социалдык медиа эсептеринен жасаган билдирүүсүндө Түрк аба жолдорунун (THY) учагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн 10 миң жууркан, 600 чатыр, 5 талаа оорукана чатыры жана керектүү буюмдарды ташыган учактын борбор шаар Тайбэйдеги Таоюан аэропортунан учуп кеткенин билдирди.

Уюм тарабынан жиберилген 150 тонналык биринчи жардам жүктөөсү мурунку күнү Түркияга келген. Жер титирөөдөн кийин Түркияга көчүп кеткен Тайвандык 130 кишилик эки издөө куткаруучу тобу дагы эле Адыямандагы иштерге колдоо көрсөтүүдө.

Кытай да жер титирөөдөн кийин табигый кырсыктан жабыркагандарга жардам катары Түркияга медициналык жабдык жана буюмдарды жөнөтө турганын жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ванг Винбин борбор шаар Пекинде өткөрүлгөн кезектеги басма сөз жыйынында жууркан, чатыр сыяктуу шашылыш жардамдардын биринчи бөлүгүнүн Түркияга 11-12-февралда жеткенин айтты.

Вангдын айтымында, электрокардиография жана УЗИ жабдыктары, медициналык транспорт каражаттары жана көчмө оорулуу керебеттерин камтыган жардамдын экинчи бөлүгү ушул жумада жөнөтүлүшү пландалууда.

Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн улам колдо болгон бардык ресурстарды мобилизациялоого буйрук берди.

Президент Юндун атынан президенттин басма сөз катчысы Ли До Вун билдирүү жасады.

Ли:«Юн Түштүк Кореянын «кан менен бекемделген союздаш жана боордош эл» катары Түркиянын жер титирөөдөн арылуусуна башкаларга караганда көбүрөөк даяр болушу керектигин айтты. Учурда Түркиянын эң муктаж болгон нерсесинин чатырлар, дары-дармек, медициналык каражаттар жана электр жабдуулары экенин айткан Юн, бардык министрликтерден, анын ичинде тышкы иштер, коргоо жана өнөр жай министрликтеринен колдо болгон бардык ресурстарды мобилизациялоону жана эң көп сандагы жардам материалдарын берүүнү, ошондой эле чараларга байланыштуу түрк тарап менен тез арада сүйлөшүүнү тапшырды»,-деп айтты.

Түштүк Кореянын депутаттары да айлыгынын 3 пайызын жер титирөөдөн жабыркагандарга которот.

Япония Түркияга 15,4 тонна материал жана медициналык жабдууларды жеткирди.

Колумбия жер титирөөдөн жапа чеккендерге колдоо көрсөтүү үчүн Түркияга 20 адистен турган топ жөнөттү.

Мурда Түркияга 101 кишилик издөө-куткаруу тобун жөнөткөн жана 150 тонна гуманитардык жардам чогулткан Казакстанда ачылган жер титирөө жардам эсебинде ушул убакка чейин чогулган 2 миллион 849 миң 836 доллар AFADдын(Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу төрагалыгы) расмий эсебине которулду . Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев өкмөткө табигый кырсыктан жапа чеккендер үчүн Түркияга кошумча гуманитардык жардам, анын ичинде чатырлар, жылыткычтар, жылуу кийимдер жана башка негизги керектөөлөрдү жөнөтүүнү тапшырды.Казакстандан келген ыктыярчылар да Кахраманмарашта жер титирөөдөн жабыркагандарга убактылуу баш калкалоо үчүн эчкинин жүнүнөн жасалган салттуу чатыр үйлөр «боз үйлөрдү» тигет. Түркияга 40 тонна гуманитардык жардам материалы, анын ичинде 84 казак чатыры (боз үй) жөнөтүлдү.

12-феварлда Кыргызстандан Газиантеп шаарына атайын учак менен 78 баш боз үй, 80 куткаруучу жана 6 дарыгер жөнөтүлгөн. Кыргызстан Түркияга үчүнчү издөө-куткаруу тобун жөнөттү. Учакта өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев жетектеген бригададан тышкары талаа ооруканасы, тез жардам унаасы жана 52 боз үй бар.

Өзбекстанда өлкө боюнча башталган жардам кампаниясынын алкагында жер титирөөдөн жабыркагандарга 170 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Өзбек жарандарынын акчалай жардамдары уланып жатканы, өзбек ашпозчулары да жер титирөө болгон аймактагы 5 миң адамга 2 маал тамак таратып жатканы айтылды.

Түркиянын Ашхабаддагы элчиси Тоган Орал Түркмөнстандан Кахраманмараштагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн үчүнчү жардам учагынын даярдалганын айтты.

Ошондой эле Орусиядан меш жана кышкы чатырлардан турган 36 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү.

Орусиянын эң ири нефтехимиялык компаниясы SIBUR Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга 1 миллион доллар жардам берери кабарланды.

Англиядагы бардык Рум ортодокс чиркөөлөрүндө Кахраманмарашта «кылымдын апааты» деп сыпатталган жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн кайрымдуулук чогултулду.

Египетте жашаган түрк ишкерлери жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга 5,5 тонна гуманитардык жардам жөнөтүштү. Ирак түркмөндөрү да жер титирөөдөн жабыркагандарга 2 жүк ташуучу тиричилик материалдарын беришти.

Ооганстандын Герат провинциясынын ишкерлери табигый кырсыктан жабыркагандарга 56 миң 500 доллар акчалай жардам көрсөтүштү.

Буга чейин издөө-куткаруу топторун жана жардам материалдарын жөнөткөн Азербайжан Адыяманга 1000 контейнерлик шаар курат.

Түркиянын Бакудагы элчиси Жахит Багжы, Кахраманмараштагы «кылымдын апааты» деп сыпатталган жер титирөөлөрдөн кийин Азербайжандан Түркияга 1541 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлгөнүн жарыялады.

Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) өкмөтү Кахраманмараштагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга 82 фура жардам жөнөттү.

Перс булуңундагы Сауд Арабия, Катар, Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ), Кувейт, Бахрейн жана Омандагы расмий бийликтер жана кайрымдуулук уюмдары тарабынан башталган жардам кампанияларында чогулган акчанын көлөмү 370 миллион доллардан ашты.

Палестинанын Фонддор министрлиги «кылымдын апааты» деп сыпатталган очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн жабыркагандар үчүн Түркияга 20 миң уктоочу баштык жөнөтүлө турганын жарыялады.

Босния-Герцеговина жана Сербия жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн эң керектүү материалдар болгон жылыткычтар жана генераторлор толтурулган жүк ташуучу унааларды жөнөтүштү.

Черногорияда жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн чогулган жардамдын 200 миң еврого жакындаганы белгиленди.

Түндүк Македонияда «кылымдын апааты» деп сыпатталган очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн чогултулган материалдарды ташыган эки жардам унаасы борбор шаар Скопьеден жолго чыкты.

Түштүк африкалыктар Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн жапа-тырмак киришишти. Жер титирөө болгон аймак үчүн берилген көп сандаган чатыр, жылыткыч, уктоочу баштык, жууркан, генератор, ден соолук каражаттары жана кышкы кийимдер Түрк аба жолдору (THY) тарабынан үзгүлтүксүз Түркияга ташылып жатат.

Кахраманмарашта 6-февралда болгон жана 10 провинцияга таасирин тийгизген 7,7 жана 7,7 баллдык жер титирөөлөр миңдеген адамдардын өмүрүн алып, «кылымдын апааты» деп сыпатталууда.



Тектеш кабарлар