Президент Эрдоганга дүйнө жүзүнөн телефон чалуулар...

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, фон дер Ляйен жана Мишель каза болгондор үчүн көңүл айтып, жаракат алгандардын тез сакайып кетишин каалашты.

1945518
Президент Эрдоганга дүйнө жүзүнөн телефон чалуулар...

 

Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель президент Режеп Таййип Эрдоганга телефон аркылуу байланышып, жер титирөө үчүн көңүл айтып, «жаралуулар тезирээк сакайып кетишсин» деген тилектерин билдиришти.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, фон дер Ляйен жана Мишель каза болгондор үчүн көңүл айтып, жаракат алгандардын тез сакайып кетишин каалашты.

Билдирмеге караганда, жер титирөөдөн улам президент Эрдоганга телефон аркылуу байланышкан Алжирдин президенти Абдулмежид Теббун, Гвинея-Бисаунун президенти Умаро Сиссоко Эмбало, Сенегалдын президенти Макки Салл, Шри-Ланканын президенти Ранил Викрмесингхе, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Ирактын президенти Абдуллатиф Решид, Ирактын премьер-министри Мухаммед Шийа эс-Судани жана Судан Эгемендик кеңешинин төрагасы Абдулфеттах аль-Бурхан каза болгондор үчүн көңүл айтып, жаралууларга шыпаа тиледи.

Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун мурдагы төрагасы Месут Барзани да президент Эрдоганга телефон аркылуу байланышып, жер титирөөнүн зыяндарынын тезирээк калыбына келишин тилегенин айтты.

Кахраманмарашта өткөн жумада болгон жана 10 провинцияга таасирин тийгизген 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр миңдеген адамдын өмүрүн алып, «кылымдын апааты» деп сыпатталууда.



Тектеш кабарлар