Дүйнө жүзүнөн Түркияга колдоо көрсөтүлүп, жардамдар келип жатат...

Кахраманмарашта 6-февралда болгон жана 10 облуска таасирин тийгизген 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөдөн кийин дүйнөдөн тилектештик кабарлары келүүдө.

1945334
Дүйнө жүзүнөн Түркияга колдоо көрсөтүлүп, жардамдар келип жатат...
abd ahiska deprem yardim.jpg
kanada deprem yardim.jpg
Angelina Jolie.jpg
hollanda diyanet vakfi.jpg

Кахраманмарашта 6-февралда болгон жана 10 облуска таасирин тийгизген 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөдөн кийин дүйнөдөн тилектештик кабарлары келүүдө.

АКШнын Огайо штатындагы Дейтон Ахыска Түрк Америка Борбору очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөдөн зыян тарткан аймактарга тонналаган материалдык жана акчалай жардам чогултту. АКШдагы мусулман уюмдарынын башкы уюму болгон АКШнын Мусулман уюмдар кеңеши (USCMO), Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга 100 миллион долларга жакын акчалай жана натуралдык жардам чогулткандарын жарыялады.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга АКШнын бардык тарабынан жардамдар жөнөтүлүшү уланып жатканда, Нью-Жерси жана Нью-Йоркто жашаган түрктөр жардам үчүн эшигин ачкан түрк кеме компаниясына агылды.

Канададагы кайрымдуулук акцияларына кайрымдуулук иштери уланууда.

Жер титирөөдөн кийин Түркиянын Торонто, Монреаль жана Ванкувер башкы консулдуктарынын координациясында ачылган жардам борборлоруна өлкөдөгү мусулман коомчулугу менен катар Канада калкы да колдоосун көрсөтүүдө.

Кувейттеги жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн башталган кампанияда 67 миллион доллар чогулду.

Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) жер титирөөлөрдөн кийин гуманитардык жардам көрсөтүү иштеринин алкагында акыркы 24 саатта зыян тарткан аймактарга жалпы 117 тонна жардам материалы жөнөттү.

Өзбекстан жер титирөөдөн жабыркагандарга 5 учак менен гуманитардык жардам жеткирди.

Англия да Түркияга тез жардам тобун жана талаа ооруканасын жөнөттү.

Азербайжан жана Грузиядан келген 80 гумжардам унаасы Сарп чек ара капкасынан кирди.

Германия жер титирөөдөн жабыркагандарга виза берүүнү жеңилдетүү үчүн атайын топ түздү.

Тышкы иштер министри Анналена Баербок Германиядагы түрк жана сириялык үй-бүлөлөрдүн жер титирөөдөн жабыркаган жакындарын өздөрү менен бирге убактылуу алып келүүсүнө жардам берүүнү каалагандарын жарыялады.

Германиянын ички иштер министри Нэнси Фазер да 3 айга визаны жеңилдетүүнү пландап жатканын айтты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Түркиянын Киевдеги элчилигинде болуп, көңүл айтуу китебине кол койду.

Жер титирөөдөн 5 күн өткөндөн кийин Хатайда ымыркайдын куткарылышы Италиянын премьер-министри Жорджия Мелониге да таасирин тийгизди. Мелони өзүнүн Твиттер эсебинен: «Хатайдагы жер титирөөдөн 122 саат өткөндөн кийин 2 жашар наристе куткарылды. Бул чоң кыйынчылыкта бир үмүт кабары»,-деп бөлүштү.

Америкалык актриса Анжелина Жоли социалдык медиа эсебинен Түркия менен Сирияга жардамга чакырды.

Түркия менен тилектештик үчүн Нидерландиянын Цволле шаарындагы Де Пепербус соборунун жана Бельгиянын Антверпен шаарындагы тарыхый собордун коңгуроолору менен Мамлекеттик гимн жаңырды.



Тектеш кабарлар