Урандылардан куткарылгандар

Куткаруучу топтор 129 сааттан кийин урандыдан 2 айлык ымыркайды аман чыгарышты.

1945119
Урандылардан куткарылгандар
deprem kurtarma.jpg
deprem'de kurtarilanlar.jpg
deprem'de kurtarilanlar.jpg

Түркияны кайгыга салган 6 -  февралда болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөдөн кийин  издөө  - куткаруучу топтор урандыларда калган  жарандарды чыгарууга аракет кылууда. 

Хатайдын Белен районунда жер титирөөдө кыйраган бир имараттын урандысында 131 саат калган 7 жаштагы кыз бала аман куткарылды. Ошол эле облуста  2 айлык ымыркайды да аман чыгарышты. Аты билинбеген ымыркай  дарылануу үчүн ооруканага алып барылды. 

Кахраманмарашта болгон жер титирөөдөн кийин  урандылардын астынан куткаруу иштери улантылууда. Жер  титирөөдөн  116 сааттан кийин жакшы кабар келди. Топтор 8 жаштагы Рыдван Чакыроглун урандыдан куткарышты.

Хатайдын Антакия районунда да ыктыярчылар кулаган имараттын урандысынан бир аялдын тирүү экендигин аныкташты. Куткаруучу топтор коридор ачып 116 саттан кийин Хүля  Байкарды куткарышты.

Кахраманмарашта топтор шаардын борборунда ураган бир имараттын астынан 20 жаштагы жаш жигитти 116 сааттан кийин чыгарышты.116 сааттан кийин 51 жаштагы бир киши дагы аман куткарылды.

Хатайда жер титирөөдөн  119 сааттан кийин уранды астында калган бир бала, ушул эле жерде 120  сааттан кийин да бир бала урандыдан чыгарылды.

Кахраманмарашта 122 сааттан кийин да 70 жаштагы Менекше Табак  куткарылды.

Кахраманмарашта 50 жаштагы Фатма куткаруучу топтордун узакка созулган аракеттеринин натыйжасында 120 сааттан кийин куткарылды. Топтор башка урандыдан 67 жаштагы ата менен баласын 116 сааттан кийин чыгарышты.

Газиантеп Ислахиеде коопсуздук кызматкерлери, жандармерия жана шахтерлор бирдикте 114 сааттан кийин бирөөсү майып болгон 2 адамды урандылардын астынан тирүү чыгарышты.



Тектеш кабарлар