Эрдоган куткаруучу топторго жана ыктыярчыларга ыраазычылык билдирди

Президент Эрдоган издөө - куткаруу иштерин жүргүзгөн топтор жана ыктыярчылар тууралуу социалдык медиа эсебинен маалымат берди.

1945241
Эрдоган  куткаруучу топторго жана ыктыярчыларга ыраазычылык билдирди
deprem kurtarma.jpg
deprem kurtarma.jpg
deprem kurtarma.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган жер титирөөдө издөө - куткаруу иштеринде ынтызарлык менен иштеген топторго жана ыктыярчыларга ыраазычылык билдирди.

Президент Эрдоган Кахраманмарашта 6 - февралда болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөдө урандылардын астында калгандар үчүн издөө - куткаруу иштерин жүргүзгөн топтор жана ыктыярчылар тууралуу социалдык медиа эсебинен маалымат берди. 

Жер титирөөдө издөө - куткаруу иштеринде суукка, уйкусуздукка жана башка көптөгөн кыйынчылыкка карабастан иштеген бардык топторго, ыктыярчыларга ыраазычылык билдирген президент : "Кайгыбыз канчалык чоң болсо болсун мамлекет  -  улут катары бардык кыйынчылыктарды бирдикте ашып өтөрүбүзгө чын жүрөктөн ишенем",- деди. 

 



Тектеш кабарлар