Пакистандын премьер - министринен Түркияга колдоо билдирилди

Шахбаз Шариф : «Эки мамлекет, бир улут болуп жашаган биз түрк боордошторубуздун жанындабыз»,- деди.

1944758
Пакистандын премьер  - министринен Түркияга колдоо билдирилди

Пакистандын премьер - министри Шахбаз Шариф Кахраманмараштагы жер титирөөнү «кылымдын эң чоң жер титирөөсү» деп мүнөздөп : «Эки мамлекет, бир улут болуп жашаган биз түрк боордошторубуздун жанындабыз»,- деди.

Премьер - министр Шериф 6 - февралда эпицентри Кахраманмараш болгон жана 10 шаарга таасирин тийгизген  7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөргө байланыштуу  Twitter баракчасынан түрк тилинде билдирүү жасады.

Билдирүүсүндө Түркияга колдоосун билдирген Шариф : "Өкмөтүбүз Түркия үчүн уланып жаткан куткаруу жана жардам иштерин жалпы улуттук кампанияга айландырууну чечти. Иш дүйнөсү, диний аалымдар жана билим берүү мекемелеринин колдоосун алабыз. Пакистан бул кыйын мезгилде Түркиянын жанында болууну улантат",- деди.  

Шариф жолугушуу өткөргөн штаттын премьер-министрлеринен Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн башталган улуттук жардам кампаниясына колдоо көрсөтүүнү сурангандыгын белгилеп : "Бул кылымдын эң чоң жер титирөөсү. Эки мамлекет, бир улут болуп жашаган биз түрк боордошторубуздун жанында болууну улантабыз",- деди.



Тектеш кабарлар