Түркиянын чет элдик өкүлчүлүктөрүндө көңүл айтуу китептери ачылды
Түркиянын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүндө ачылган көңүл айтуу китептерине Европанын айрым лидерлери жана өкмөт өкүлдөрү түрк калкына көңүл айтуу жана тилектештик билдирүүлөрүн жазышты.

6-февралда эпицентри Кахраманмараштын Пазаржык жана Элбистан райондору болгон жана 10 облуска таасирин тийгизген жер титирөөдөн кийин Түркиянын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүндө ачылган көңүл айтуу китептерине Европанын айрым лидерлери жана өкмөт өкүлдөрү түрк калкына көңүл айтуу жана тилектештик билдирүүлөрүн жазышты.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Нью-йорктогу Түрк үйүндө ачылган көңүл айтуу китебине: «Түркияда жана Сирияда болгон катуу жер титирөөдө каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам»,-деп жазды.
Гутерриш түрк элинин сириялык баш калкалоочуларга болгон эбегейсиз жоомарттыгына күбө болгонун белгилеп: «Миллиондогон баш калкалоочулар кабыл алынды, корголду, алар менен бардыгы бөлүшүлдү. Бул кең пейил калк азыр эл аралык коомчулуктун бирдей тилектештигине жана жардамына татыктуу»,-деп пикирлерин бөлүштү.
Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан, Грециянын Вашингтондогу элчиси Александра Пападопулу жана конгресстин айрым мүчөлөрү жана ишкерлер Түркиянын Вашингтондогу элчилигине барып жер титирөөдөн улам көңүл айтышты жана жаралуулардын тез сакайып кетиштин тилеп, көңүл айтуу китебине кол коюшту.
Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл да Түркиянын Брюсселдеги элчилигине барып, жер титирөөдөн улам ачылган көңүл айтуу китебине кол койду.
Көңүл айткан Боррел : «Европа Биримдигинин күчтүү тилектештигине ишене аласыз, бул трагедияда түрк жана сириялык калк менен биргебиз»,-деди.
Румыниянын президенти Клаус Йоханнис каза болгондорго көңүл айтуу үчүн Түркиянын Бухаресттеги элчилигине барды.
Бул жерде ачылган көңүл айтуу китебине кол коюп, Йоханнис мындай деди: «Жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн кампаниялар башталса, куткаруучу топтор да жер титирөө болгон аймакка барып, ишке колдоо көрсөтүүдө. Түркияда болгон жер титирөөдөн жабыркаган миңдеген жабырлануучулар жана алардын үй-бүлөлөрү менен бирге жарадарлардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз. Румыния Түркия менен тилектештикте. Биздин командалар жана медициналык кызматкерлер аман калгандарды издөө жана аларга жардам берүү үчүн ошол жерде. Бул терең кайгылуу учурда түрк улутунун күчү жеңет»,-деди.
Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон да Түркиянын Стокгольм элчилигине барып, жер титирөөдө каза болгондор үчүн көңүл айтты.
Ачылган көңүл айтуу китебине кол койгон Кристерссон : «Түркиядагы жер титирөөдөн кийин каза болгондордун жакындарына жана Түркия элине көңүл айтам, оюм жаракат алгандардын үй-бүлөлөрү менен бирге»,-деди.
Түркиянын Афина элчилигинде ачылган көңүл айтуу китебине Грециянын тышкы иштер министринин орун басары Милтиадис Варвицотис Греция өкмөтүнүн атынан кол койду.
Варвицотис көңүл айтуу китебинде төмөнкүлөрдү жазган: «Түркиядагы эки катастрофалык жер титирөөдөн кийин трагедиялуу түрдө каза болгондор үчүн грек элинин жана грек өкмөтүнүн атынан чын жүрөктөн көңүл айтам. Греция тилектештик көрсөтүүдө жана адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн колдон келгендин баарын жасайт».
Көңүл айтуу китебиндеги билдирүүсүндө Варвицотис түрк тилинде: «Geçmiş Olsun Türkiye!» деген сүйлөмгө да орун берди.
Хорватиянын премьер-министри Андрей Пленкович да Түркиянын Загреб элчилигинде ачылган көңүл айтуу китебине кол коюп, түрк элине көңүл айтты.
Босния-Герцеговинада Сараево кантонунун жооптуу кызматкерлери Түркиянын Сараево элчилигинде ачылган көңүл айтуу китебине кол коюшту.
Ирландиянын президенти Майкл Хиггинс да Дублиндеги Түркия элчилигине барып, көңүл айтуу китебине кол коюп, түрк эли менен биримдикте жана тилектештикте экендиктерин билдирди.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Түркиянын Ташкенттеги элчилигинде ачылган көңүл айтуу китебине кол коюп, өлкөсүнүн жер титирөөдөн жапа чеккен Түркияга бардык керектүү жардамдарды берүүгө даяр экенин билдирди.
Түркиянын Белграддагы элчилигинде ачылган көңүл айтуу китебине кол койгон Сербиянын президенти Александр Вучич : «Биз сиздер мененбиз жана алдыбыздагы күндөрдө дагы көп иштерди жасайбыз»,-деди.
Орусиянын президенттигинин (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков да жер титирөөдө каза болгондор үчүн көңүл айтуу үчүн Түркиянын Москвадагы элчилигине барды. Дептерге кол койгон Песков келечекте Түркияга жер титирөөлөрдөн улам жардам берүүгө даяр экендиктерин белгилеп: «Түрк калкы менен бирге аза күтөбүз, Түркия баалуу жана маанилүү кошуна. Тарых жагынан бири-бирибиз менен байланышыбыз бар»,-деди.