Бир нече сааттардан кийин үмүт берген кабарлар...
Убакыт өтүп баратат, бирок урандылардан үмүт берүүчү кабарлар келүүдө...
Түркияга терең таасир эткен Кахраманмарашта 6-февралда болгон жер титирөөдөн кийин жүздөгөн куткаруу топтору жана миңдеген ыктыярчылар урандылардын астынан сүйүнчүлөө үчүн убакыт менен жарышып иштеп жатышат.
Убакыт өтүп баратат, бирок урандылардан үмүт берүүчү кабарлар келүүдө...
Хатайда дагы бир керемет болду. Жер титирөөдөн 84 сааттан кийин урап түшкөн эки имараттын урандыларынын астынан экөө аял үч киши куткарылды.
Белен аймагында да жер титирөөдөн 82 сааттан кийин керемет болуп, апасы, атасы жана 3 баласы урандылардын астынан тирүү чыгарылды.
Хатайда урандылардын астында калган 15 жаштагы Али Баттал жер титирөөдөн 81 сааттан кийин, 40 жаштагы Селма Хасар жана 14 жаштагы Нида 80 сааттан кийин, 2 жаштагы Мерт Татар 79 сааттан кийин куткарылды.
Ошол эле Хатайда көп кабаттуу үйдүн урандыларынан 72 саат өткөндөн кийин 5 адам куткарылса, эне менен бала 70 сааттан кийин, жер титирөөдө кыйраган имараттын урандыларынын арасында калган бири бала болгон эки чет элдик жаран 67 сааттан кийин, Кырыкханда жер титирөөдөн 68 сааттан кийин 3ү бала болгон 6 киши урандылардын астынан тирүү чыгарылды. Жер титирөөдөн 66 сааттан кийин урандылардын астынан 7 айлык ымыркай да куткарылды.
Диярбакырдагы жер титирөөдө кыйраган имараттын урандыларынан,издөө-куткаруу иштеринин натыйжасында болжол менен 81 сааттан кийин 8 жаштагы бала жаралуу абалда чыгарылды. Баглар районунда көп кабаттуу үйдүн урандылары астында калган аял 72 сааттан кийин куткарылды.
Газиантептин Ислахие районунда 17 жаштагы Үнзиле Севимли жер титирөөдөн 78 сааттан кийин имараттын урандыларынан тирүү түрдө чыгарылды.
Эрсин менен Мустафа Табур жана атасы Митхат Табур да 76 сааттан кийин куткарылды.
Аданада жер титирөөдө урап калган имараттын урандылары астында калган аял жер титирөөдөн 75 сааттан кийин чыгарылды.
Кахраманмарашта 72 жаштагы Исмаил Алтынолук көп кабаттуу үйдүн урандыларынын астынан 72 сааттан кийин куткарылды, 73 сааттан кийин бири 5 жаштагы баладан турган үч кишилик үй-бүлө, 70 сааттан кийин 49 жаштагы Дуран Шекер жана 68 сааттан кийин 80 жаштагы кемпир куткарылды.
Адыяманда жер титирөөдөн 77 сааттан кийин 36 жаштагы киши урандылардын астынан куткарылса, апасы жана 2 кызы болжол менен 65 сааттан кийин,Гөлбашы районунда Жерен менен Элиф эже-сиңдилер 70 сааттан кийин куткарылды. Шанлыурфанын Бирежик районунда да бир аял 69 сааттан кийин жаралуу түрдө чыгарылды.
Тектеш кабарлар
Иорданиянын тышкы иштер министри Анкарага келет
Жолугушууда негизги тема Израилдин аймактагы кол салуулары болмокчу.